Сүлүктүдө маданий борбор курулат

Лейлек районунун Сүлүктү шаарына маданий борбор куруу үчүн конкурс жарыяланды. Бул туурасында маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөлдү.

 

Курулуш үчүн аталган шаардын мэриясы 51 миллион 756 миң сом сунуштады. Конкурска катышууну каалагандар 27-ноябрга чейин табыштама жөнөтүшү шарт.
Маданий жай эки кабаттуу болуп салынары пландалган. Подрядчылар имараттын ичи-тышынан бери толук бүткөрүп, стол, кресло сыяктуу керектелүүчү бардык эмректер менен жабдып бериши шарт.