Базарлардагы акцияларды текшерүү үчүн комиссия түзүлдү

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Комиссиянын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот. Президент Садыр Жапаров буга чейин «Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар «бутуна туруп кетсин» деген саясат болчу. Азыр эми «Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген» соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго (сом -ред) чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз», — деп жазган Алагөзов.

Кыргызстанда акыркы жумада чоң базарларда соода кылгандар Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат.

29-30-ноябрда Кара-Суу жана «Дордой», «Мадина», Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын, 2-декабрда Бишкектеги «Кудайберген» базарынын сатуучулары митингге чыгышты.

Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.

Базарлардагы митингдерден кийин милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармап, айрымдарын камакка алганы маалым болду.

Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алат деген негиз менен «Дордой» жана Кара-Суу базарларына салыктын бул түрү менен иштөөсүнө уруксат берилерин жарыялаган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» курган маегинде башка базарларга мындай жеңилдик берилбей турганын айтты.