Кыргызстан тогуз ай ичинде дээрлик 10 тонна алтын экспорттоду

Ушул жылдын январь айынан баштап сентябрдын соңуна чейин Кыргызстан 9 тонна 926,7 килограмм алтын экспорттоду. Маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Билдирмеге ылайык, сатылган алтындын жалпы наркы 619,7 миллион долларды түзгөн.

Кардар өлкөлөр

Швейцария — 8 тонна 33,5 килограмм;

Гонконг — 984,3 килограмм;

БАЭ — 908,9 килограмм.

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде өлкө чет мамлекеттерге 69,4 килограмм алтын саткан, ал эми жыл ичинде бул көрсөткүч 290,5 килограммды түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында белгиленгендей, ушул жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолгон эмес, сатуу март айында башталган.