Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулду.
Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат.
Алар эскилиги жеткен имаратта иштеп жаткан. Курулушка 58 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн.