Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты башталды

Бишкектеги «Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо» борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты башталды. Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө татамиде төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт.

 

  • кыз-келиндер арасында — 48, 57, 70 кг;
  • эркектер арасында — 60, 73, 90, +100 кг.

Чемпионат эки күнгө созулат — 27-28-январь.

Белгилей кетсек, беттештер УТРК спорт телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.