Араванда текстиль фабрикасы курулат

Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Жаңы фабриканын жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын камсыздайт деп күтүлүүдө.

 

Ага ылайык, Министрлер кабинети Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.