Бүгүнтөн тарта Бишкекте №46 автобус каттамы жабылды

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №46 автобус каттамы жабылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды.

 

Белгиленгендей, жаңы маршруттук каттамдардын ачылышына жана айрым каттамдардын кыймыл схемасынын өзгөрүшүнө байланыштуу №46 каттамда жүргүнчүлөрдүн агымы кескин кыскарып, өз чыгымдарын жаба албай калган.