Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 6-апрель таңкы саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.
Жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.
Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.
Белгилеп кетсек, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, анын ичинен 6 миң бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарда 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгаштырылган.