Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү. Мамлекеттик салык кызматынан такташкандай, бүгүн салык органдары түнкү саат 12ге чейин иштейт.

 

Эске салсак, 1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат. Физикалык жактар отчетторун “жеке кабинет” аркылуу онлайн форматта же салык кызматына келип кагаз түрүндө тапшырса болот.

 

Ал эми жеке ишкерлер бирдиктүү декларацияны бир гана электрондук форматта тапшырат. Киреше отчетторун өз убагында тапшырбагандар айып төлөйт.