Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда

Алыскы калктуу конуштарда коммерциялык банктар көчмө кассаларын уюштурууда.

Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди. Маалыматка караганда,

алыскы региондордо карталардан акча алуу мүмкүнчүлүгү жумушчу долбоор аркылуу

ишке ашырылып жатат. Кошумчаласак, эми пенсия жана жөлөк пул алуучулар

акчаларын карталардан алууда комиссия төлөбөйт. Ошондой эле «Кыргыз почтасы»

ишканасына пост-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн ар бир

транзакция үчүн кардардан комиссия албоо сунушталды.