Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жерлерде калыбына келтирүү иштери аяктап калды.
“Түндүк электр” ишканасынан novosti.kgге билдиришкендей, бүгүн эртең менен
авариялык өчүрүү боюнча Жогорку Жал жашоочуларынан жана Ак-Босого, Ак-Өргө
конуштарынын тургундары тарабынан билдирүү түштү. Аталган жерлерде иштер
тынымсыз жүрүп жатат. Жакынкы убакта кесепеттер жоюлат.
Белгилеп кетсек, кечээ кар жаап авариялык өчүрүүлөр болду.