Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында,
Улуу Жеңиш майрамы белгиленет, бирок андагы иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет.
Буга коронавирус пандемиясы өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизгени себеп.
Эске салсак, быйылкы Жеңиш майрамы масштабдуу деңгээлде белгиленип,
ардагерлерге акчалай жардам көрсөтүлөөрү айтылган болчу.