Англиянын футбол боюнча командасы дүйнө чемпионатынын алкагында эң кымбат курамга ээ. Анда жарыяланган футболчулардын жалпы баасы 1,5 миллиард еврону түзөт. Экинчи орунда Бразиялия курамасы турат.
Анын курамындагы оюнчулардын жалпы баасы 1 миллиард 450 миллион еврого теңелет. Үчүнчүдө 1 миллиард 330 миллион еврого бааланган – Франция курамасы турат. Ошондой эле, Испания, Германия жана Португалиянын курамалары 1 миллиард евродон ашат.