Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Чемпионат Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин өтүүдө.

 

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливандык Карамнобу Сагаиповго жеңилди.

 

Жубатуучу беттеште кыргыз спортчусу тажикстандык Комромсох Юстопирионду артта калтырды. Ал эми 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта Эрлан Шеров учурда БАЭ курамасынын атынан чыгып жаткан россиялык спортчу Арам Григорянды жеңип, коло медалга ээ болду.