Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын
ФИФА рейтингинде ээлеген орду өзгөргөн жок. Жаңыланган тизме
9-апрелде жарыяланды. Анда биздин оюнчулар, мурдагыдай эле
96-орунга жазылды. Отчеттук убакытта кыргызстандык футболчулар
оюн талаасына чыгышкан эмес. Ал эми Азия футбол
конфедерациясында биздин курама команда 15-орунда турат.