Бишкекте ушул жекшемби, 28-апрелде велосезондун ачылышы болот. Муниципалитеттен такташкандай, шаар күнүнө арналган веложарыш эртең мененки саат 10до Кыргызстан – Азербайжан Достук паркында башталат.
Иш-чара Уркуя Салиева атындагы аянтта аяктайт. Саамалык концерттик программа менен коштолот.