Футбол боюнча европалык Суперлига ишин баштабай жатып токтотту

Европадагы бир катар алдыңкы клубдар Суперлига турнирине катышуудан баш тарткандыктан мелдеш токтотулду. Бул тууралуу аталган уюмдун уюштуруучуларынын билдирүүсүнө таянып «Чемпионат» маалымат булагы жазды.

Эскерте кетсек, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алды менен «Манчестер Юнайтед», «Арсенал», «Челси», «Тоттенхэм», «Манчестер Сити», «Ливерпуль» (баары – Англия); «Реал Мадрид», «Барселона», «Атлетико» (баары – Испания); «Интер», «Милан» жана «Ювентус» (баары – Италия) жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылган.

Мындай демилге Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) жана Европа футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА), улуттук лигалардын, атактуу футболчулардын, машыктыруучулардын жана көпчүлүк күйөрмандардын нааразычылыгын жараткан.

 

Суперлиганы түзүүгө макулдук берген айрым клубдардын күйөрмандары команданы мелдешке катышуудан баш тартууга чакырып митингге чыгышты.

Англиялык «Манчестер Сити» жана «Челси» клубдары алгачкылардын болуп жаңы уюмдан баш тарткан. Кийинчерээк мелдешти уюштурууга катышкан англиялык алты клубдун баары уюмдун катарынан чыгарын расмий жар салды.

Журналист Роб Харрис өзүнүн Twitter баракчасына Суперлига мелдеши токтотулганын жазып чыкты.