Атайын ачылган эсепке 17 миллион сом чогулду

Атайын ачылган эсепке 17 миллион сом чогулду.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова  билдирди.

Чогулган сумманын ичинен 16 миллион сомдон ашыгы муктаж жарандарга жардам көрсөтүү үчүн

облустарга бөлүштүрүлдү.  Жалпысынан 524 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Анын ичинен өкмөттөн,

жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн жана депозиттик эсептен чогулган каражаттан 148 миң үй-бүлө жардам алды.