Балдарды бакчага кабыл алууда алардын ПЦР анализи зарыл эмес.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, ата-энелердин арызынын жана педиатрдын баланын
ден соолугу тууралуу маалым каттардын негизинде кабыл алынат.
Бала бакчалардын имаратын дезинфекциялоо жана аларга кабыл алуу
санитардык-эпидемиологиялык борборлордун уруксаты менен жүргүзүлөт.