Бишкектин кире беришиндеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынды

Бишкектин кире беришиндеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди Жарандык коргонуу комиссиясы кабыл алып, ал вице-мэр Азиз Алымкулов тарабынан бекитилди.

 

Буга чейин ордо калаанын чек араларында 12 санитардык пост орнотулуп, аларда 100дөн ашуун милиционерлер, куткаруучулар жана дарыгерлер нөөмөттө турушкан.