Эми Бишкек тургундары жана коноктору Ак үйдүн аймагында сейилдей алат

Эми Бишкек тургундары жана коноктору Ак үйдүн аймагында сейилдей алат. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жана президент администрациясынын имараты эки капталынан гана тосулат, ал эми алды толук ачык болот, жарандарга чектөө коюлбайт.

 

Учурда алынып жаткан тосмо сактоочу жайга жеткирилет. Белгилеп кетсек, парламенттин жаңы спикери Талант Мамытов депутаттар элге жакын жана ачык болсун деген мааниде тосмону алуу чечимин колдоду.