Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров тийиштүү буйрукка кол койгонун билдирди. Жарлыкка ылайык, кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектилерин, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар 2024-жылдын 31-декабрына чейин текшербейт.

 

Бул бизнести мамлекет тарабынан колдоо үчүн кабыл алынган чечим.

 

Кыргызстан өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген. Кийин ал улам узартылып келген.