Базар-Коргон районунун Кара-Жыгач айылында жаңы мектеп пайда болот.
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
№38-орто мектептин жаңы корпусунун сметалык наркы 72 миллион сомду түзөт.
Учурда курулуш-монтаждоо жумуштарына подряддык уюмду тандоо жүрүп жатат.
Кененирээк маалымат андан кийин белгилүү болот.