Бүгүнтөн тарта Ала-Тоо аянты оңдоо иштерине жабылат

Бүгүнтөн тарта Ала-Тоо аянты оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, пландалгандай башкы аянттагы фонтан реконструкцияланып, ардактуу кароол убактылуу алынат.

 

Андан тышкары, учурдагы 45 метрлик флагшток алынып, анын ордуна бийиктиги 100 метрлик флагшток орнотулат. Реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткан учурда унаа кыймылына чектөө киргизилбейт.