«Акыркы коңгуроо» салтанатында акча чогултууга тыюу салынды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мындай буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Ага ылайык, мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууга болбойт.
Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» 25-майда өтөт.