Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында

Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине киргенин IQAir сайты билдирди.
Саат 18:20га карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги абанын сапаты 167 пунктуга барабар болгон, бул аба «жакшы эмес» дегенди түшүндүрөт.
Антирейтингде биринчи орунду Дели (Индия), экинчини Пекин (Кытай) ээлеген. Ал эми үчүнчү катарда Ханой (Вьетнам), төртүнчү сапта Бишкек (Кыргызстан) жайгашкан. Бештикти Янгон (Мьянма) шаары жыйынтыктады.
Акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.