Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын улуттук 7 спорту киргизилет

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын улуттук 7 спорту киргизилет.

Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш, бел боо күрөшү жана

көчмөндөрдүн улуу күрөшү болмокчу. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик

комитетинен билдиришти. Эске салсак, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн.

Кийинкисин өткөрүү милдетин Түркия алган. Мелдеш Бурса аймагында өтөт,

так убактысы азырынча белгисиз.