Бүгүнтөн тартып “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмү карантинге жабылат.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 20-июлдан 2-августка чейин Баткен
аймактык бөлүмү жана Баткен сектору иштебейт. Ал эми Сокулук-Москва, Чүй-Кемин,
Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмдөрүндө, Лебединовка
айылында жана Бишкек шаардык бөлүмүндө айдоочулук курамды каттоо боюнча карантин
2-августка чейин узартылды. Көрүлүп жаткан чаралар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу.