Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордук аппараттын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы  Майрам Мамбетова эми социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектейт.

 

Анын ордуна буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгында иштеген Ренат Айтымбетов келди. Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду.