Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Адилет Дубанаев дайындалды

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Адилет Дубанаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде кол койгонун Салык кызматынан кабарлашты.

 

Бүгүн, 26-апрелде Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды. Ал салык жол-жоболорун санариптештирүү маселеси жаатында иш алып барат.

 

Адилет Дубанаев мурда өкмөттүн экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы болуп эмгектенген. Мындан тышкары ал Салык жана бажы башкаруусун санариптештирүү маселеси боюнча координациялык кеңештин мүчөсү.