Бишкек ЖЭБдеги көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет

Бишкек Жылуулук электр борборундагы көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, азыр кампада 242 миң тонна кара отун бар.

ЖЭБ бул запасты кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алганга чейин колдонот.

Чиновник калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, бийлик жылуулукту берүүгө ар убакта даяр экенин белгиледи.