Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тариф киргизилип жатат – чектөөсүз

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тариф киргизилип жатат – чектөөсүз. Министрлер кабинетинин токтом долбоорун Өнөр-жай, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитети жарыялады.

 

Документке ылайык, электр энергиясынын баасы 1 киловатт-саатка 5 сом 4 тыйынды түзөт. Керектөөчү аны каалаган өлчөмдө жана каалаган максатта колдоно алат. Кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга дагы уруксат берилет.

 

Болгону майнинг криптовалюталарына тыюу салынат.