Бишкек мэриясы баткендиктерди убактылуу үйлөр менен камсыздоодо

Бишкек мэриясы чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган баткендиктерди убактылуу үйлөр менен камсыздоодо.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, темир контейнерлерде ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мындай 16 үй буга чейин Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 50 контейнерди жабдуу пландалууда.

Бул максатта мэрияга ишкерлер жана курулуш компаниялары тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.