Бишкекте Асаналиев (мурдагы Некрасов) көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан эскертишти. Маалыматка караганда,
24-25-сентябрда тилкенин бир бөлүгүндөгү темир жол өтмөгүнө асфальт төшөлөт.
Андан кийин жолдун бир тарабы оңдоп-түзөлөт. Оңдоо иштери жүргөнүнө
байланыштуу жол бир тараптуу жабык болуп, унаалар маалы менен өткөрүлбөйт.