Бишкекте дароо 5 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.
Мэриядан билдиришкендей, кеп, Шабдан Баатыр, Турусбеков,
Элебаев, Тимур Фрунзе жана Маликов көчөлөрүн бир бөлүгү тууралуу болуп жатат.
Ондоо иштеринен кийин унаалар өтө турган жолдун кеңдиги 9 метрге чейин жетет.
Элебаев көчөсүн куруу менен бирге унаа токтотуучу жай дагы пайда болот.
Белгилеп кетсек, жол тармактарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында
эки жылдын ичинде ордо калаада 60 көчө калыбына келтирилип, 5 көпүрө салынат.