Кыргызстанда 1-октябрь, кийинки жумадан тартып пенсия көбөйтүлөт.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, орточо эсеп менен
пенсия 8 пайызга же 455 сомго жогорулайт. Муну менен өлкөдөгү
пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248 сомду түзүп калат.
Жогорулатуу чыгымдарына 830 миллион сом багытталат.
Эске салсак, Кыргызстанда пенсионерлердин жалпы саны 715 миңден ашык.