Бишкекте Буденный көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Буденный көчөсү убактылуу жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 27-апрелде анын Чоң Чүй каналдан Славян көчөсүнө чейинки тилкесинде канализациялык тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Анын алкагында узундугу 310 метрди түзгөн түтүктөр өткөрүлөт. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Чолпон-Ата, Лермонтов көчөлөрү сунушталат.