Такси кызматына патенттин наркы өзгөргөн жок.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей,
учурда Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом,
камсыздандыруу полиси — 775 сом турат. Кошумчаласак, 1-майдан тартып
патенттин ставкасы жогорулады деген жалган маалымат тарап жатат.
Мындан улам жарандар салык кызматына соцтармак аркылуу кайрылышууда.