Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, эртең, 27-апрелде өлкөнүн басымдуу аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Андан улам, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Жарандарга этият болуу сунушталат.