Бишкекте үч көчөнүн бөлүктөрү бир тараптуу болот

Бишкекте үч көчөнүн бөлүктөрү бир тараптуу болот.

Мындай чечимди мэрия жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды жана унаа тыгындарын азайтуу максатында кабыл алды.

Бир тараптуу кыймыл Шопоков жана Панфилов көчөлөрүндө Киевден Чүй проспектисине чейин жана Логвиненко көчөсүнө Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин киргизилди.

Учурда тиешелүү тарапка жол белгилерин орнотуу маселесин чечүү тапшырылды.