Кыргызстандын жарандыгы 540тан ашуун адамга берилди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 25-августта кабарлады.

 

Ага ылайык, 548 адам (анын 149у балдар) кыргыз жарандыгын алды. Алардын көпчүлүгү этникалык кыргыздар. Мамлекет башчы башка жарлыгы менен 102 адамды (19у балдар) жарандыктан чыгарды.

 

Учурда өлкө калкынын саны – 6 млн. 600 миң киши. Этникалык кыргыздар Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашашат.