Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын директорлорунун бош орундарына тестирлөө 23-августта өтөт.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекемеден белгилешкендей, 17 бош орунга 100дөн ашык талапкердин катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында мектеп директорлорун сынактык тандоо аяктаган.