Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларынын жанындагы жол кесилиштери текшерилет

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларынын жанындагы жол кесилиштери текшерилет. Мэриянын маалыматына ылайык, зарыл болсо, жол чийиндери жаңыртылат.

 

Бир катар ведомстволордун өкүлдөрү кирген атайын комиссия ишин жакынкы күндөрү баштайт. Биринчи кезекте Манас-Горький, Тыналиев-Ахунбаев жана Чүй-Ауэзов көчө кесилинтери текшерилет.

 

Тиешелүү тилкелерге арыздар шаар тургундарынан келип түшкөн.