Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды

Бир жыл аралыгында Бишкекте жаңы оңдолгон жолдорго

орнотулган 800 люк жана темир торчо уурдалды. Мэриядан билдиришкендей,

вандалдардан борбордук көчөлөр ысырапка учурады. Маалыматка караганда,

мурда машина жүргөн жолдордогу торчолорду алып кетишсе,

эми аялдамадагыларды дагы уурдашууда. Муниципалитет уурулук

фактысына күбө болгон жарандарды 102 кызматына кайрылууга чакырат.