Бишкекте мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте коомдук унаалардагы санитардык нормалардын сакталышын текшерүү

боюнча мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анын курамында

мэриянын, кайгуул милициянын, транспорттук инспекциянын кызматкерлери жана

эпидемиологдор бар. Айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү текшерүү жаан аларга

түшүндүрүү иштери адамдар жык толгон аялдамаларда жүргүзүлөт. Пандемия

шартындагы эреже бузууларга алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт,

эгер дагы кайталанса административдик протокол толтурулат.