“Кара-Кече” тилкесинен чыгарылган көмүрдүн баасы менен акыркы керектөөчүгө жеткен суммада айырма бар

“Кара-Кече” тилкесинен чыгарылган көмүрдүн баасы менен акыркы керектөөчүгө жеткен суммада айырма бар.

“Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришкендей, жеткирүүчүлөр базадан кара отундун тоннасын 1 миң 330 сомдон алышат.

Буга карабай калкка 4 миң сомдон сатылат. Жеткирүүчүлөр транспорт каражаттарына сарпталган чыгашаларын

эсептегенден кийин чыгарылган сумма менен акыркы баада чоң айырма жаралууда.