Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уланууда

Бишкек шаарындагы мыйзамсыз орнотулган жарнама реконструкциялары алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул ирет мыйзамсыз орнотулган жарнама реконструкциялары алынды. Атайын бөлүм Сүйөркулов, Горький көчөлөрүн жана Чүй кең көчөсүн кыдырып, 99 жарнама конструкциясын демонтаждады. Түшүндүрүү иштеринен кийин №10 кичи районунун №26 үйүнүн жанындагы темир стеллаждар ээлери тарабынан алынды.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.