Ашхабад шаарында алабай тукумундагы иттин алтын айкели орнотулду

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердумухамедов Ашхабад шаарында алабай тукумундагы иттин алтын айкелин орнотуп, ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, иттин алтын айкелинин бийиктиги 6 метр. Ал бийиктиги 9 метр болгон постаментте жайгашкан. Айкел видео экран менен курчалган, анда ушул тукумдагы иттердин катышуусунда видеотасмалар көрсөтүлүп турат.

 

Түркмөнстандын башчысы алабай тукумундагы иттерди аярлап келет. 2017-жылы Орусия президенти Владимир Путинге Верный аттуу күчүктү берген. Ал эми 2019-жылы Дмитрий Медведевге дагы ушундай белек жасаган.

 

Өткөн жылдын сентябрь айында Бердымухамедов «Түркмөн Алабай» аттуу китебин чыгарып, ушул эле аталыштагы ырын жаздырган.