Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын жаңы орун басары болуп Бакытбек Гайназаров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Сагынбек Абдылдаев аркалап келген.