Бишкекте ысык суу качан өчүрүлө турганы белгисиз

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлө турганы белгисиз. Бул маселе карала элек, андыктан, так маалымат май майрамдарынан кийин берилет, — дешти муниципалитеттин басма-сөз кызматынан.

 

Эске салсак, жыл сайын май айында ордо калаада ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында түтүктөрдү оңдоо, жылуулук сезонуна даярдык көрүү иштери аткарылат.

 

Былтыр гана орозо май айына туш келгендиктен, ысык суу июнда  өчүрүлгөн.